АО "КГРК" типографиясы
1960-жылы негизделген, бирок 1990-жылга чейин гана кен-руда комбинатынын бөлүмдөрүн тейлеген. "КГРК" акционердик коомго айланган соң, типография жаңы жабдууларды сатып алып, офсеттик басып чыгаруу ыкмасын үйрөнүп, ар түрдүү, жогорку сапаттагы продукцияларды чыгарууну жолго койгон, шаар борборунда полиграфиялык кызматтар бөлүмү ачылган. Соңку убакта бул жерде Жайыл районунун газеттерин чыгарат.
Типографияны Тренина Зинаида Владимировна жетектейт.
АО "Кара-Балта типографиясы"
Эски типография, 1945-жылдан бери иштеп келет, линотип, набордук, басма, переплет, резка, стереотип бөлүмдөрү бар жана үч районду тейлейт: Панфилов, Жайыл, Москва.
Учурда бул жерде кеңири ассортиментте бланктык продукция, Панфилов районунун коомдук-саясий "Эмгекке даңк" газета чыгат. Типографияда "Полиграфист" дүкөнү жана кафе ачылган, акционердик коомду Исманова Багдагуль Суеркуловна жетектейт.
Кара-Балта шаарындагы жеңил өнөр жай