Каракол - Н. М. Пржевальскийдин акыркы токтому
Николай Михайлович Пржевальский. Ортолук Азиянын табиятын изилдеген биринчи адам. Караколдук калк өздөрүнүн кадимки жашоосун өткөрүп жатканда, дүйнөгө белгилүү саякатчы Николай Михайлович Пржевальскийдин Караколго келип жатканын угушту. Ал Караколду өзүнүн бешинчи ортолук азиялык саякатынын баштапкы пункту катары тандап алган. Көп өтпөй 10 (22-октябрь) күнү шаарга жүздөгөн метрге созулган чоң экспедициялык кербен кирди. Шаардыктар Пржевальскийдин отрядын кубаныч менен тосуп алышты. Ал эми 3