Ош шаарындагы архивдер
Архивдик иш ар дайым элдин, мамлекеттин жана жеке адамдардын тарыхын сактоочу жай болуп келген. Архив жок болсо, тарых да жок. Ошондуктан Ош шаарын негиздеген күндөн тартып архивдик кызмат уюштурулган. Ош шаарындагы архив бөлүмү 1940-жылы уюштурулган. Анда шаардык органдардын жана облустук уюмдардын бардык документтери топтолгон.
Партийдик архив 1941-жылы уюштурулган. Бул жерде 738 баштапкы партиялык жана 561 комсомолдук уюм 2 фондго ээ болуп, анда 383 иш болгон. 1986-жылы 142 фонд, 1338 партиялык жана 117 комсомолдук, жалпы 163917 иш жыйналган. Ар жылы 5000ден ашык иш сактоого кабыл алынат. 1986-жылдан бери бул жерде 5 адам иштейт. Архивдик иштерге М. Токмачев, Е. Филиппова, К. Ногойбаев, Т. Тезекбаев, М. Абдуллин, А. Бакчиев, А. Капаров, Н. Скрипко, Т. Абдыкадыров, Э. Назаркулов, К. Бакуева, Р. Айзыралиев жана башкалар жетекчилик кылышкан. Архив кызматкерлеринен Н. Бакчиев жана Т. Абдыкадыров өзгөчө жылуу сезимдер менен эскерилет, алар архивдик мекемелердин материалдык базасын бекемдөөгө көп иштерди жасашкан.
Ош - 3000