Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / ЗЕНКОВ Андрей Павлович

ЗЕНКОВ Андрей Павлович

ЗЕНКОВ Андрей Павлович


ЗЕНКОВ Андрей Павлович

Туулган жылдары (1863—1933). Граждандык инженер А. П. Зенков XX кылымдын башында узак убакыт Верный шаарында (азыркы Алматы) иштеген. Анын долбоору боюнча азыркыга чейин сакталып калган жыгач Кафедралдык собор курулган.
Фрунзе шаарында анын долбоорлору боюнча биринчи курулган имараттардын катарына Кыргыз ССРинин Элдик Комиссарлар Советинин имараты жана Первомай көчөсүндө, Киров көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан мейманкананын имараты кирет. СНК имараты (азыркы Кыргыз ССРинин Тарыхый музейи) 1928-жылы бүткөрүлгөн. 20-30-жылдарда бул имарат Фрунзедеги эң чоң капиталдык курулуш болуп саналган. Имарат көптөгөн он жылдар бою туруп, архитектурасы боюнча көп талаш-тартыштарга карабастан, бүгүнкү күндө да өзүнүн сулуулугун жоготпой келет. Азыркы учурда имарат республикабыздын борборундагы В. И. Ленин атындагы аянттын чыгыш тарабын түзөт.
А. П. Зенковдун башка эмгектеринен банктын, шаардык оорукананын жана башка имараттардын курулуштары белгилүү. А. П. Зенков өзүнүн долбоорлорунда имараттардын сейсмостойкулугуна чоң көңүл бурган, мүмкүн болгон сейсмикалык таасирлер шартында жогорку ишенимдүүлүктү камсыз кылган бир катар жаңычылдыкты ийгиликтүү колдонгон.
Классикалык пландоо жана композиция ыкмаларын негизге алып, А. П. Зенков архитектурага регионалдык мүнөз берүү үчүн Орто Азия архитектурасынын элементтерин — декор, чалкеш терезелер, куполдорду жапкан жана башка элементтерди колдонууга умтулган. Анын курулуштарынын ар түрдүүлүгүнө жана эклектиктигине карабастан, А. П. Зенковдун имараттары Кыргызстандын борборунун тарыхый архитектуралык мурасынын мыкты эстеликтеринин катарында калууда.
27-07-2014, 13:52
Вернуться назад