АЙТКУЛОВ Хансар НазировичАрхитектор. 1960-жылы Узген шаарында төрөлгөн.
1982-жылы Фрунзе политехникалык институтунун архитектура факультетин аяктаган.
1982-1984-жылдары Ош шаарындагы архитектура бөлүмүндө иштеген.
1984-жылдан бери Ош шаарындагы ГПИ «Киргизгипрострой» филиалында иштейт. Учурда архитектуралык топтун жетекчиси. Турак-жай жана жарандык курулуш тармагында иштейт.
1986-жылдан бери СССР архитектурачыларынын Союзунун мүчөсү.
НЕГИЗГИ КУРУЛУШТАР1984. Ош шаарындагы Ленин атындагы аянтты көрктөндүрүү (жамааттын курамында).
НЕГИЗГИ ПРОЕКТИЛЕР1984. Ош шаарындагы «Тюлейкен» микрорайонуна түстүү чечим (жамааттын курамында);
1986. Ош шаарындагы Пичугин атындагы аянтты комплексдүү курулушунун принципиалдуу чечими.
КОНКУРС ЖУМУШТАРЫ1984. Облустук конкурс. Ош шаарындагы «Чыгыштын таттуулары» павильону (марапаттоо сыйлыгы);
1985. «Архитектура СССР» журналынын конкурсу. Шаар тургунунун экинчи турак-жайы (журналда жарыялоо).