Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / БАЙБЕКОВ Надир Назимович

БАЙБЕКОВ Надир Назимович

БАЙБЕКОВ Надир Назимович


БАЙБЕКОВ Надир Назимович

Архитектор. 1956-жылы Фрунзе шаарында туулган.
1979-жылы Фрунзенский политехникалык институтунун архитектура факультетин аяктаган,
1979-1984-жылдары «фрунзегорпроект» долбоорлоо институтунун 2-цехинде архитектор болуп иштеген.
1984-жылы Фрунзе шаарындагы «Центросоюзпроект» долбоорлоо институтунун филиалына которулуп, азыркы убакка чейин архитекторлор тобунун жетекчиси кызматында иштеп келет.

1983-жылдан бери СССР Архитекторлор Союзунун мүчөсү.

«1983-жылдын мыкты долбоору» конкурсуна катышканы үчүн Кыргыз ССРинин ВДНХсынын II даражадагы дипломун жана СССР Архитекторлор Союзунун медалын алган.

НАСИГИ ПРОЕКТТЕР

1980. Фрунзе шаарында 218 орундуу мейманкана типиндеги жатакана (жамааттын курамында);
1981. Фрунзе шаарындагы 10-микрорайондо 12 кабаттуу 68 батирлүү монолит үй (жамааттын курамында);
1982. Фрунзе шаарындагы «Восток —5» микрорайонунда коомдук-сауда борбору менен монолит жашоо үйлөрү (жамааттын курамында);
1983. Фрунзегорпроект долбоорлоо институтунун өндүрүш корпусу жана Фрунзе шаарындагы Стройбанк республика бөлүмүнүн имараты (жамааттын курамында); Фрунзе шаарында 18 кабаттуу 100 батирлүү монолит үй (жамааттын курамында).

КОНКУРС ЖУМУШТАРЫ

1983. Республика боюнча конкурс. Чолпон-Ата шаарына кирүү көрсөткүчү (жамааттын курамында, III сыйлык); Эл аралык конкурс. Жапония. «Тарыхта жана жергиликтүү жерде турак жай» (жамааттын курамында);
1984. Республика боюнча конкурс. «1983-жылдын мыкты долбоору» (жамааттын курамында, Кыргыз ССРинин ВДНХсынын II даражадагы диплом); Бүткүл союздук конкурс. «1983-жылдын мыкты долбоору» (жамааттын курамында, СССР Архитекторлор Союзунун медалы).
19-08-2014, 18:43
Вернуться назад