
Актемиров Элишбай Далоович
Сүрөтчү-декоратор. 1956-жылдын 31-декабрында Узген районунун Кызыл-Октябрь айылында туулган. 1979-жылы Фрунзе сүрөтчүлүк училищесин, декоративдик-декоратордук бөлүмүн аяктаган.
1979-жылдан тартып Кыргыз ССРинин Сүрөтчүлөр фондунда сүрөтчү-декоратор болуп иштеген.
1997-жылдан - Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Ал чоң объектилерде - маданий борборлор, республикалык маанидеги көргөзмөлөр жана Москва шаарындагы көргөзмөлөр үчүн дизайнердик иштерди аткарган.
Негизги иштер
«Улуу Жеңишке 40 жыл» майрамына художестволук чечимдин долбоору.
1985. Макет. Кагаз, гуашь. 80x80x20.
IV Бүткүл Союздук «Эртеги» фестивалына художестволук чечимдин долбоору.
1986. Макет, кагаз, темпера.
Фрунзе шаарында жаштар майрамын художестволук безендыруу долбоору.
1987. Макет. Кагаз темпера 100x100x20.
Сүрөт.
Натюрморт. 1990. Кенеп, май. 70x70.
Кактус. 1990. Кенеп, май. 120x90.
Цветение. 1990. Кенеп, май. 70x70.