Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Артыкбаев Жээнбай Маматжунусович

Артыкбаев Жээнбай Маматжунусович

Артыкбаев Жээнбай Маматжунусович

Артыкбаев Жээнбай Маматжунусович



Сүрөтчү-кол өнөрчү. Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги. 1947-жылдын 27-майында Талас облусунун Киров районундагы Крупская атындагы айылда төрөлгөн. 1968-жылы Фрунзе сүрөтчү училищесин, андан кийин 1979-жылы Ленинграддагы В.И. Мухина атындагы жогорку искусство-промышленность училищесин аяктаган. 1979-жылы Фрунзе шаарындагы айнек заводунда көркөм керамика боюнча экспериментатор сүрөтчү болуп иштеген. Кыргыз Республикасынын көркөм өнөр академиясында мугалимдик ишмердүүлүк жүргүзөт. 1988-жылдан бери СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.

Уникалдуу көркөм керамика үлгүлөрүн түзүп, өндүрүшкө киргизген. Декоративдик композицияларда Кыргызстандын маданияты жана турмушу темасын өнүктүрөт. Республикалык жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. Анын эмгектери Кыргызстандын Г.Айтиева атындагы көркөм искусстволор улуттук музейинде, ошондой эле чет өлкөлөрдүн жеке коллекцияларында орун алган.

НАСЫЯЛАР

Аксакал. 1980. Фарфор, глазурь боёк.
Декоративдик табак «Кыз». 1985. Шамот, пигменттер, глазурь.
Пласттар. 1986. Шамот, оксиддер, глазурь.
Тоолор. 1986. Шамот, оксиддер, глазурь.
Күзгү мотив. 2002. Шамот, ангобдор, глазурь.
Декоративдик шарлар. Шамот, ангобдор, глазурь.
Кыргыз натюрморт. 2006. Шамот, ангобдор, глазурь.
20-11-2017, 20:15
Вернуться назад