
Богомолова Людмила Михайловна
Живопист. 1947-жылдын 27-декабрында Сокулук районунун Краснооктябрьский айылында төрөлгөн. 1970-жылы Фрунзе көркөм сүрөт училищесинин декоративдик-оформительдик бөлүмүн аяктаган. Көркөм сүрөт училищесин аяктаган соң, Көркөм фонддо плакатчы болуп иштеген, Кыргызстандагы тарыхый маданий эстеликтерди реставрациялоочу сүрөтчү болуп реставрациялык мастерскаяда иштеген. 1977-жылдан бери Кыргызстандагы аял сүрөтчүлөр жана искусствоведдер ассоциациясынын мүчөсү.
2000-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү.
Живописте, графикада, кестеде активдүү иштейт. Сүрөтчүнүн чыгармачылыгында поэтикалык жана лирикалык өңгөйлүү музыкалык нота үстөмдүк кылат. Композияларынын аталыштары да ушул темага ылайык келет. Анын эмгектери жакын жана алыс чет өлкөлөрдөгү жеке коллекционерлер тарабынан сатып алынган.
Негизги эмгектери
Айна. 1980. Кагаз, тушь. 29x42.
Кечки букет. 1998. Кагаз, акварель. 50x60.
Күн карама. 1998. Полотно, май. 40x30.
Ландыштар. 1999. Полотно, май. 33x30.
Арсланбоб. 1999. Полотно, май. 65x50.
Алма жыты. 1999. Полотно, май. 55x40.
Кайра чагылуу. 2000. Кагаз, тушь. 39x25.
Күндүн тоосу. 2001. Полотно, май. 65x45.
Святитель Николай. 2001. Полотно, май. 39x32.
Көз салуу. 2001. Полотно, май. 63x47.
Айдын тоту. 2002. Кесте 50x30.
Кыргыз мотиви. 2002. Кесте 30x30.
Саймалы - Таш. 2003. Кесте 30x30.
Иссык-Куль. 2003. Кесте, бисер. 10x10.
Ангелдин ойлонуусу. 2007. Кагаз, акварель. 62x45.
Натюрморт. 2008. Полотно, май. 110x80.