Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Бойков Евгений Анатольевич

Бойков Евгений Анатольевич

Бойков Евгений Анатольевич

Бойков Евгений Анатольевич


Сүрөтчү, график. 1960-жылдын 15-октябрында Фрунзе облусунун Калининское айылында туулган. 1977-жылы көркөм өнөр училищесин (Баку) аяктаган, 1981-жылы - Азербайжан маданият жана спорт институтун, 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин аспирантурасында окуган. 1982-1986-жылдары «ЭВ» студиясында (Шкурпела К.А.) иштеген, 1985-1988-жылдары Кыргыз рекламалык агенттигинин дизайнер-оформителю болуп иштеген. 1985-жылы Москва полиграфия институтуна кирген.

1988-1991-жылдары - Соода-Өнөр жай палатасынын дизайнер-графиги. 1989-1990-жылдары дизайн кафедрасында стажировкадан өткөн (Таллин). 1990-жылы Орус драма театрында иштеген.

1996-жылдан бери Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.

Анын плакаттары, графикалык баракчалары, живописи профессионализм, жаңычылдык, даамдуулук менен айырмаланат.

Негизги иштер

Плакат «Джаз-фестиваль». 1991. Шелкография. 42x62.
Плакат «Ю.Шыгаев». 1992. Шелкография. 42x62.
Плакат «Сел кинчек». 1993. Шелкография. 42x62.
Плакат «Саамал». 1995. Шелкография. 42x62.
Смерть SAH-Техника-2.1995. Холст, май. 94x145.
Мисс Оперный театр, мисс Главпочтамт, Мисс Фестиваль. Холст, май. 180x200.
Төрт таптакыр башка адамдар. 1996. Холст, май.
1928-жылдын жазы. 1996. Холст, май. 90x60.
1-12-2017, 20:58
Вернуться назад