
Ботоканов Алымкул Турпанович
Сүрөтчү. 1942-жылдын 10-мартында Нарын облусунун Сары-Булак айылында төрөлгөн. 1962-жылы Фрунзе сүрөтчүлүк техникумун аяктаган. Айылдык мектептерде сүрөт сабагынан мугалим болуп иштеген.
1999-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.
Республикалык, эл аралык көргөзмөлөрдүн жана конкурстардын катышуучусу. 2005-жылы КПМИИ им. Г.Айтиевада жеке көргөзмө өткөргөн. Сүрөтчүнүн эмгектери Кыргыз Республикасынын Г. Айтиева атындагы улуттук сүрөт искусствосу музейинде, чет өлкөдөгү жеке коллекцияларда жайгашкан.
Анын эмгектери автордун чын жүрөктөн чыккан, жан дүйнөсүнүн назик сезимдери, жашоо тууралуу ой жүгүртүүлөрү менен өзгөчөлөнөт. Алар табигый байкоолордун негизинде жазылган.
Негизги эмгектери
Шаардын четинде. 1978. Кенеп, май. 75x100.
Уйку. 1999. Кенеп, май. 64x90,5.
Омур тамыры. 1999. Кенеп, май. 90x90.
Комуз куусу. 2003. Кенеп, май. 100x120.
Мен миц жыл жашадым. 2004. Кенеп, май. 100x100,7.
Белек. 2005. Кенеп, май. 100,7x100,7.
Күтүү. 2006. Кенеп, май. 90x110.
Окмет айылы. Көк мойнок. 2006. Кенеп, май. 85x110.
Жакага. 2007. Кенеп, май. 85x110.
Боз салкын. 2007. Кенеп, май. 60x120.
Кызыл ерук. 2007. Кенеп, май. 110x110.