Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Бутешов Малабек Жыкыпбекович

Бутешов Малабек Жыкыпбекович

Бутешов Малабек Жыкыпбекович

Бутешов Малабек Жыкыпбекович


Сүрөтчү. 1956-жылдын 12-мартында Талас облусунун Арашан айылында туулган. 1979-жылы Фрунзе көркөм сүрөт училищесин аяктаган. 1979-1982-жылдары Талас районунун Булькулдек орто мектебинде черчение жана сүрөт тартуу мугалими болуп иштеген, 1982-жылдан тартып Талас шаарындагы көркөм-оформительдик мастерскаяда сүрөтчү-оформитель болуп иштеген, 1984-1992-жылдары Талас шаарындагы көркөм-оформительдик мастерскаянын башкы сүрөтчүсү, 1992-1996-жылдары Талас облусунун маданият башкармалыгында сүрөтчү, 1996-2000-жылдары «Мээрим» фондунун Талас филиалындагы көркөм искусство боюнча кружоктун жетекчиси болуп иштеген.

2000-жылдан бери Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.

Областтык жана республикалык көргөзмөлөрдүн, ошондой эле эл аралык карикатура көргөзмөлөрүнүн катышуучусу.

Негизги иштер

Жазгы күн. 1985. Кагаз, акварель. 60x40.
Композиция. 1989. Кенеп, май. 60x45.
Пейзаж. 1990. Кенеп, май. 50x80.
Тоолордун күзү. 1994. Кенеп, май. 60x80.
Натюрморт. 1996. Кагаз, акварель. 40x50.
Талас эмблемасы. 1998. Кагаз, гуашь. 60x40.
Кеч. 2000. Кенеп, май. 50x40.
Пейзаж. 2001. Кенеп, май. 50x40.
Түн. 2003. Кенеп, май. 60x50.
Тоолор. 2004. Кенеп, май. 30x47
6-12-2017, 22:27
Вернуться назад