Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Гальченко Иван Петрович

Гальченко Иван Петрович

Гальченко Иван Петрович

Гальченко Иван Петрович


Сүрөтчү. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген искусствосу. 30-жылдардын ортосунан баштап кыргыз профессионалдык искусствосун түзүүгө катышкан сүрөтчүлөрдүн катарына кирет. 1880-жылдын 3-августунда Полтава губерниясынын Бондари айылында туулган. 1913-жылы Москвадагы сүрөт, мүсүн жана архитектура мектебин В.Серов жана К.Коровиндин классы боюнча аяктаган. Казан, Кинешма, Донбасс театрларында декоратор сүрөтчү болуп иштеген. 1936-жылдан баштап өмүрүнүн акырына чейин Кыргызстанда иштеген.

1937-жылдан бери СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.

И.Гальченко станковая живописьте иштеди, республикалык көргөзмөлөргө активдүү катышып турган. Анын чыгармачылыгы пейзаждык-жанрдык багытта өнүккөн. «Почет белгиси» ордени, «Улуу Ата Мекендик согушта 1941-1945-жылдардагы эрдик үчүн» медалы, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун Ардак грамоталары менен сыйланган.

Сүрөтчүнүн эмгектери Кыргыз улуттук көркөм искусствосу музейинде Г. Айтиева атындагы, ошондой эле ТМД музейлеринде жайгашкан.

Негизги эмгектери

«Аламедин» совхозунда. 1938. Картон, май. 33,5x46,5.
Кыргызстанда кечки убакыт. 1939. Картон, май. 16,5x23.
Күн карама. 1939. Кенеп, май. 18,5x29.
БЧКнын курулушунда. 1941. Кенеп, май. 125x100.
Жайытта. 1945. Кенеп, май. 100x150.
Кышкы пейзаж. 1945. Картон, май. 22x32.
Кеч киргенде. 1946. Картон, май. 30x31,5.
Кыргызстандын түштүгүндө. 1946. Картон, май. 24x35.
Кеч киргенде. 1946. Картон, май. 23,5x34,5.
Түштөн кийин. 1954. Картон, май. 53x93.
Ысык-Көлдөгү пляж. 1955. Картон, май. 24x34.
Ысык-Көлдөгү кеч. 1957. Кенеп, май. 55x100.
Литейщиктер. 1958. Кенеп, май. 89x133.
9-12-2017, 18:06
Вернуться назад