
Дагай Марина
Колледж художник. 1975-жылдын 24-февралында Казакстан ССРинин Жанатас шаарында төрөлгөн. 2001-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин аяктаган. 2001-2002-жылдары - С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр колледжинде атайын дисциплиналардан мугалим, 2002-2005-жылдары - «Kirland» басма үйүндө дизайнер болуп иштеген.
2005-жылдан бери Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.
Анын «батик» техникасындагы декоративдик паннолору, традициялык орнаменттик элементтерди чеберчилик менен стилизациялоо аркылуу, оригиналдуу жана эң стильдүү интерьерлерде орундуу.
Республикалык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. Иштери жеке коллекцияларда жайгашкан.
Негизги иштер
Жашын жамгырдын жыты. 2001. Панно, батик. 110x70.
Күнгө сыйынуу сериясы. 2002. Панно, батик. 70x90.
Триптих «Күн гүлдөрү». 2003. Панно, батик. 80x80.
Тюльпан сериясы. 2003. Панно, батик. 120x45.
Диптих «Көктөм гүлдөрү». 2004. Панно, батик. 90x50.