
Джумагулова Эркебу Карыпбековна
Сүрөтчү - кол өнөрчү. 1956-жылдын 12-январында Панфилов районундагы Тельман атындагы совхоздо төрөлгөн. 1975-жылы Фрунзе көркөм өнөр училищесинин кол өнөрчүлүк бөлүмүн аяктаган.
1975-1978-жылдары «Кыял» элдик көркөм өнөр бирикмесинде иштеген, 1978-1982-жылдары Кыргыз ССРинин Жергиликтүү өнөр жай министрлигинин Борбордук көркөм эксперименталдык лабораториясында, 1982-1988-жылдары «Кыял» элдик көркөм өнөр бирикмесинде иштеген. 1978-1981-жылдары Нарын жана Ош облустарында экспедицияларга катышкан.
1999-жылдан бери Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Республика аралык жана эл аралык көргөзмөлөрдүн, фестивалдардын жана конкурстардын катышуучусу.
Негизги иштер
Жаз. 1983. Тери, кесте. 185x1,16.
Койчуман. 1985. Ткачество, кесте. 160x105.
Вершины. 1987. Тери, кесте. 110х 75.
Ошто күз. 1989. Тери, кесте. 100x65.
Март. 1995. Тери, кесте. 60x93.
Сүрөтчүлөр Турдиева Г., Ахматова Р. менен биргеликте. Токтогулдун ритми. 2004. Тери, валяние. 298x177.
Колея. 2004. Тери, валяние. 325x177.
Күзгү минор. 2004. Тери, валяние. 278x138.
Келечектеги байланыштын матрицасы. 2004. Тери, валяние. 294x178.
Суук жаан. 2004. Тери, валяние. 298x135.
Сүрөтчү Турдиева Г. менен биргеликте.
Триптих. Кожожашка арналган. 2005. Тери, кесте. 360x200.
Ортолук Азиядагы адамдар. Куклалар коллекциясы. 2005. Тери, кесте, h- 0,16.
Бабалардын жазы. 2006. Тери, валяние. 298x175.