
Джумалиев Муратбек Токторович
Скульптор. 1965-жылдын 12-майында Фрунзе шаарында туулган. 1984-жылы С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр окуу жайын, 1991-жылы В.И. Мухина атындагы Ленинград жогорку көркөм-промышлендык окуу жайын аяктаган, 1991-жылы Кыргыз Республикасынын көркөм өнөр академиясынын чыгармачылык мастерскойунун аспиранты болуп иштеген.
1991-жылдан баштап - Балдар көркөм мектебинин директору.
1993-жылдан баштап - Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Республика аралык жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу.
НАСЫЯЛЫК ЖАБДЫКТАР
Кыялдар. 1988. Талькохлорид.
Тамырлар. 1989. Бронза.
1937.1989. Керамика.
Убакыттын ташы. 1990. Таш.
Курмандык. 1990. Бронза.
Суу каалоосу. 1991. Керамика, айнек.
Умай эне. 1991. Бронза