
Жайлобаев Талам Карагулович
Сүрөтчү. 1950-жылдын 10-июнунда Ысык-Көл облусунун Тон районундагы Конур-Олон айылында төрөлгөн.
1973-жылы Фрунзе көркөм сүрөт училищесин аяктаган. 1973-1977-жылдары Пржевальск шаарындагы көркөм өнөр цехтеринде иштеген, 1977-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Көркөм фондунда иштейт. 1992-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Республика боюнча көргөзмөлөргө катышкан.
НАСИЕТТҮҮ ИШТЕР
Автопортрет. 1974. Кенеп, май. 70x70.
Устаттын портрети. 1976. Кенеп, май. 80x80.
Улуттук идиштер менен натюрморт. 1977. Кенеп, май. 60x50.
Эне портрети. 1978. Кенеп, май. 70x80.
Карылык портрети. 1979. Кенеп, май. 50x50.
Кышкы пейзаж. 1980. Кенеп, май. 70x80.
Суу агымы. 1981. Кенеп, май. 70x70.
Тоолордо күз. 1982. Кенеп, май. 120x80.
Акын Шамей. 1982. Кенеп, май. 90x80.
Фронтко узатуу. 1983. Кенеп, май. 120x80.
Тоолордун арасындагы айыл. 1984. Кенеп, май. 60x80.
Кетмен-Тебе өрөөнү. 1985. Кенеп, май. 50x50.
Чеканчынын портрети. 1986. Кенеп, май. 50x50.
Жол. 1987. Кенеп, май. 70x80.
Кочкор өрөөнү. 1990. Кенеп, май. 70x70.
Эркек портрети. 1994. Кенеп, май. 70x70.
Чон Байсоорун Too. 1998. Кенеп, май. 120x80.