Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Жайлобаев Шарипбек Муканович

Жайлобаев Шарипбек Муканович

Жайлобаев Шарипбек Муканович

Жайлобаев Шарипбек Муканович


Театр жана кино художниги. 1960-жылдын 18-февралында Нарын шаарында туулган. 1980-жылы Г.Айтиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр училищесин, ал эми 1992-жылы Ленинград мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтун аяктаган.

Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында Софоклдун «Царь Эдип» жана Ж.Садыковдун «Ормон хан» спектаклдеринин сценографиясын ишке ашырган. «Кыргызфильм» киностудиясында художник-постановщик катары иштейт.

Живописьчи катары, өзүнүн эмгектеринде адамды жана чөйрөнү сүрөттөөгө, толук кандуу жашоону билдирүүгө бүтүндүк жана гармонияны издейди.

2003-жылдан бери Кыргыз Республикасынын художниктер союзунун мүчөсү. Республика боюнча көргөзмөлөрдүн катышуучусу.

НЕГИЗГИ ЭМГЕКТЕР

Суук. 2000. Кенеп, май. 40x55.
Девушка с одуванчиком. 2003. Кенеп, май. 30x45.
Үй жана тоолор. 2003. Кенеп, май. 90x70.
Токтоп калган убакыт. 2003. Кенеп, май. 30x45.
Тоска II. 2003. Кенеп, май. 70x56.
Тоска III. 2003. Кенеп, май. 70x56.
17-12-2017, 16:17
Вернуться назад