
Жакыпов Аттокур
Сүрөтчү. 1947-жылдын 12-апрелинде Жалал-Абад облусунун Тайгараев айылында туулган. 1977-жылы Фрунзе көркөм окуу жайын аяктаган. 1975-1982-жылдары Жалал-Абад шаарындагы көркөм өнөр цехинде сүрөтчү-декоратор болуп иштеген. 1982-1984-жылдары М.В.Фрунзе атындагы музейдин сүрөтчү-реставратору. 1984-1994-жылдары «Кырчын» журналынын редакциясында иштеген.
Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм академиясынын көркөм мектепте сабак берет.
ЦК ВЛКСМдин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Журналисттер Союзунун Ардак грамотасы менен сыйланган. Асанбек Турумбеков атындагы сыйлыктын лауреаты.
2000-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү. Республика боюнча көргөзмөлөрдүн катышуучусу.
Негизги иштер
Атасынын портрети. 1975. Кенеп, майда боёк. 45x60.
Фронттон кат. 1975. Кенеп, майда боёк. 55x40.
Терезе. 1976. Кенеп, майда боёк. 56x70.
Суу кувшини бар бала. 1976. Кенеп, майда боёк. 50x40.
Жарым түндөн кийин. 1978. Кагаз, туш. 22x28.
Киоскто. 1985. Кагаз, акварель. 32x49.
Революция күрөшчүлөрүнө эстелик. 1987. Акварель, туш. 45x32.
Банщиктин портрети. 1989. Кенеп, майда боёк. 40x50.
Уч Терек. 1989. Кенеп, майда боёк. 70x90.
Келген коноктор. 2000. Кагаз, акварель. 28x18.
Фисташка жыйноо. 2000. Кагаз, акварель. 18x14.
Мерекеге даярдык. 2000. Кагаз, акварель. 18x28.
Жел бешик. 2001. Кенеп, майда боёк. 68x85.
Сүрөтчү К. Тургуновдун портрети. 2001. Кенеп, майда боёк. 90x74.
Күтүү. 2001. Кенеп, майда боёк. 60x80.
Таран-Базардын четинде. 2001. Кагаз, акварель. 31х52.