Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Жусупов Казбек

Жусупов Казбек

Жусупов Казбек

Жусупов Казбек


Кинонун сүрөтчүсү. 1937-жылдын 12-сентябрында Москва районунун Октябрь айылында төрөлгөн. 1960-жылы Фрунзе сүрөтчүлүк окуу жайын, 1967-жылы болсо Бүткүл союздук мамлекеттик кино институтунун сүрөтчүлүк факультетин аяктаган. 1967-жылдан баштап «Кыргызфильм» киностудиясында сүрөтчү-режиссёр болуп иштеген. 1973-жылдан Кыргыз ССРинин кинооператорлор союзунун мүчөсү, 1974-жылдан СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.

Сүрөтчү-режиссёр катары К. Жусупов «Эне талаа», «Каныбек», «Айсулуунун талаасы» сыяктуу көркөм фильмдерде иштеген. Костюм сүрөтчүсү катары «Уркуя» («Отко таазим кыл») кинофильминде иштеген,

Жусупов ошондой эле станок живописьи менен алектенген, портрет жанрына кайрылып, негизинен искусстводогу кесиптештерин сүрөттөгөн.
Республика деңгээлиндеги көргөзмөлөрдүн катышуучусу. Анын мыкты эмгектери Кыргыз Республикасынын Г.Айтиева атындагы көркөм искусстволор музейинде жайгашкан.

Негизги эмгектери

Эски Бухара. 1965. Кагаз, акварель. 100x80.
«Эне талаа» кинофильми үчүн эскиз. 1967. Картон, май. 54,5x84,4.
Жек-Бекей. (Таңкы ыр). 1974. Картон, май. 74,5x98,5.
Геннадий Базаровдун портрети. 1974. Картон, май. 122x74.
21-12-2017, 21:38
Вернуться назад