
Закиров Улуубек Анарбаевич
Сүрөтчү. 1971-жылдын 25-декабрында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда төрөлгөн. 2003-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин маданият факультетин аяктаган.
1992-1998-жылдары мектепте сүрөтчү-дизайнер болуп иштеген. 1994-1996-жылдары Ташкент жана Екатеринбург шаарларында дизайнерлик иштерди аткарган, 2003-жылдан бери окутуучулук ишмердикти жүргүзүүдө. Сүрөтчү жана график катары иштейт.
2005-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Республика деңгээлиндеги көргөзмөлөрдүн катышуучусу.
Негизги иштер
Таң. 1997. Кенеп, май. 70x80.
Уйку. 1998. Кенеп, май. 40x55.
Бүт өмүр. 1999. Кенеп, май. 45x48.
Мамлекеттик экзамен. 2000. Кагаз, акварель. 30x35.
Тайнадуу дүйнө. 2000. Кагаз, акварель. 27x35.
Бөртүк. 2000. Кагаз, темпера. 35x25.
Күн батуу. 2001. Кенеп, май. 70x80.
Алтын күз. 2002. Кенеп, май. 40x60.
Жан дүйнөнүн табияты. 5 сүрөттөн турган серия. 2001-2004. Кенеп, май. 50x65.
Туулган табият. 2003. Кагаз, акварель. 80x90.