Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Искаков Дуйшобек Турсунович

Искаков Дуйшобек Турсунович

Искаков Дуйшобек Турсунович

Искаков Дуйшобек Турсунович


Плакатист. График. 19©-жылдын 18-февралында Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ой-Тал айылында төрөлгөн.

1982-жылы С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр училищесин, 1989-жылы - Алматы мамлекеттик театралдык-көркөм институтун «өнөр жай графикасы жана упаковка» бөлүмүн аяктаган. 1989-жылдан тарта Пржевальск шаарындагы көркөм-өндүрүштүк ательелерде иштеген.

1991-жылдан бери Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Республика жана союздук көргөзмөлөрдүн катышуучусу. Д. Искаковдун эмгектери Г.Айтиева атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусствосу музейинде сакталат.

Негизги эмгектери

Түспөй калба. 1988. Картон, гуашь. 60x90.
Түтүн же ден соолук - өзүңүз тандаңыз. 1988. Картон, гуашь. 60x90.
1941 -1945. 1989. Картон, гуашь. 90x60.
Кагаздын кайдан келгенин эсиңден чыгарба. 1989. Картон, гуашь. 60x90.
Чыгып кете албайсың. 1989. Картон, гуашь. 90x60.
Шарап чыккынчы. 1989. Картон, гуашь. 60x90.
Иссык-Көлдү сактайлы. 1989. Оргалит, гуашь. 60х90.
Өзүң бол. 1989. Оргалит, гуашь. 90x90
Жамаат жана сен. 1990. Оргалит, гуашь. 60x90.
Жаш кезде окубайсың, курак жеткенде акылдуу болбойсуң. 1990. Оргалит, гуашь. 90x60.
Плюрализм!? 1990. Картон, гуашь. 90x60.
24-12-2017, 04:00
Вернуться назад