
Казакбаев Жолдошбек Сеитказиевич
Сүрөтчү. 1952-жылдын 15-мартында Талас облусунун Киров районундагы Киров айылында туулган. 1975-жылы Фрунзе сүрөтчүлүк училищесин аяктаган. 1975-1995-жылдар аралыгында Киров райондук маданият үйүнүн сүрөтчү-декоратору болуп иштеген.
1992-жылдан тартып Кыргыз Республикасындагы сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Эл аралык «Дүйнө элдеринин искусствосу» ассоциациясынын мүчөсү. Республика, союздук жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу.
Сюжеттик-тематикалык сүрөттөрдү тартат, ошондой эле пейзаж жана натюрморт жанрларына кайрылат.
1987-жылы Москвада Улуу Октябрдын 70 жылдыгына арналган көргөзмөдө 1-орун дипломун алган, союздук конкурстун лауреаты болгон. Анын эмгектери жакын жана алыс чет өлкөлөрдүн жеке коллекцияларында сакталат.
Негизги эмгектери
Куреш. 1984. Кенеп, май. 62x74.
Топоздор. 1987. Кенеп, май. 70x70.
Менин тоолорум. 1987. Кенеп, май. 75x75.
Авлетун. 1988. Кенеп, май. 55x815.
Жолдо. 1989. Кенеп, май. 65x75.
Кызыл Нура. 1989. Кенеп, май. 70x80.
Ур Марал. 1989. Кенеп, май. 55x70.
Натюрморт. Анар. 1990. Кенеп, май. 60x50.
Айлуу түн. 1991. Кенеп, май. 60x80.
Кок-Жар. 1992. Кенеп, май. 80x1100.
На джайлоо. 1992. Кенеп, май. 91х114.
Жемиштер. Натюрморт. 2004. Кенеп, май. 45x60.
Ак пиондор. 2005. Кенеп, май. 65x40.
Коңурлар. Натюрморт. 2005. Кенеп, май. 65x40.