
Касымалиев Амангелди Камелович
График, иллюстратор, дизайнер. 1959-жылдын 17-майында Ысык-Көл облусунун Дархан айылында төрөлгөн.
1979-жылы Фрунзе көркөм окуу жайын, 1988-жылы Москвадагы Полиграфия академиясында китептин көркөмдөөгө арналган курстарды аяктаган.
Мамлекеттик тил жана Улуттук энциклопедия борборунда көркөм редактор болуп иштейт.
2003-жылдан бери Кыргыз Республикасындагы сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Республика, регионалдык жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу.
НАСИЕТТЕР
«Үй чарбасынын энциклопедиясы» 1-2 том. Республика деңгээлиндеги «Китеп искусствосу» конкурсу боюнча 1-орун диплом. 1990.
Медициналык энциклопедия «Ден-Соолук». Бүткүл Союздук «Китеп искусствосу» конкурсу боюнча 1-орун диплом. 1991.
«Жалалабат облусу». Энциклопедия. (Республика деңгээлиндеги «Энциклопедист» конкурсу боюнча Ардак грамота), 2004.
«Бул ким, ал эмне?». Балдар энциклопедиясы 1-2 том. (Диплом «Чеберчилик»), 2005.
«Кыргызстан улуттук энциклопедиясы» 1-том. (Республика деңгээлиндеги «Китеп искусствосу» конкурсу боюнча диплом. «Алтын мукаба» номинациясында графикалык чеберчиликтин жогорку деңгээли, китепти аткаруу жана көркөмдөөнүн сапаты үчүн. 2007)