
Кебек-уулу Нурлан
Скульптор. 197) жылы 14-сентябрда Ысык-Көл облусунун Боконбаево айылында төрөлгөн. 2001-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм өнөр академиясын аяктаган. Алтын балалык, Ч.Айтматовдун 70 жылдыгына арналган республикалык скульптура симпозиумунун, ошондой эле Ош-3000дүн катышуучусу.
2001-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм өнөр академиясынын жаш сүрөтчүлөрүнүн конкурсу-выставкасында биринчи орунду алган. 2007-жылы Кыргыз Республикасынын көркөм өнөр академиясынын аспирантурасын аяктаган.
2007-жылдан бери Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Республикалык көргөзмөлөрдүн катышуучусу.
НАСИЕТТЕР
Легенда. 1999. Таш, доломит. 160x60x80. Бишкек ш.
Гнездо. 2000. Таш, доломит. 170x100x60. Ош ш.
Долой хан. 2001. Таш, известняк. 120x50x50. Жалал-Абад ш.
Мергенчи. 2001. Бетон. 210x80x90. Бишкек ш.
Материнство. Мир. 2004. Бронза, болот. 35x05x15.
Схватка. 2005. Тонолгон гипс. 120х80х80.
Гром. 2005. Бронза. Таш. 35x25x20.
Стрелок. 2005. Бронза. 45x35x15.