
Керимбек Букар (Акматов)
График. 1959-жылдын 20-апрелинде Ысык-Көл облусунун Жети-Огуз районундагы Ак-Терес айылында туулган. 1982-жылы С. А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр окуу жайын, андан кийин 1990-жылы В.И. Суриков атындагы Москва мамлекеттик көркөм институтун аяктаган. 1991-жылдан баштап Россиянын Көркөм өнөр академиясында графика боюнча чыгармачылык мастерскаяда стажировкадан өткөн.
1992-жылдан бери Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Республика жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу.
Сүрөтчүнүн мыкты эмгектери Россиянын Көркөм өнөр академиясында, Москвадагы заманбап искусстволор музейинде, Новосибирск картиналар галереясында, чет өлкөлөрдөгү жеке коллекцияларда жайгашкан.
1990-жылы СССР Көркөм өнөр академиясынын мыкты дипломдук иши үчүн Күмүш медаль менен сыйланган, 2003-жылы заманбап графика боюнча III эл аралык биенналеде биринчи сыйлыкка ээ болгон, МК СХ тарабынан «чыгармачылыктагы жетишкендиктери, көргөзмө ишмердүүлүгүнө чоң салымы жана ТМД өлкөлөрүнүн көркөм искусствосун өнүктүрүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн» диплом алган.
Негизги эмгектери
«Ата-эненин жерлери» сериясы. 1990. Кагаз, литографдык карандаш.
«Реквием» сериясы. 1991. Кагаз, тушь. 65x160.
«Образдар» сериясы. 1992. Кагаз, тушь, литографдык карандаш.
Керамикалык тоолор. 1992. Кагаз, соус. 51x76.
Композиция. 1993. Кагаз, тушь, литографдык карандаш. 80x95.
«Өткөндү» сериясы. 1994. Кагаз, түстүү автолитография. 76x60.