
Ким Валерий Аркадьевич
Сүрөтчү. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген маданият кызматкери. 1928-жылдын 20-мартында Уссурий крайындагы Анучин районунун Даубиха айылында туулган.
1959-жылы Ташкент көркөм сүрөт училищесин, 1963-жылы А.Н. Островский атындагы Ташкент театралдык-көркөм институтун аяктаган.
1965-1971-жылдары Фрунзе көркөм сүрөт училищесинде мугалим болуп иштеген.
Тарыхый, өнөр жай, айыл темалары жана пейзаждар, портреттер боюнча иштейт.
1972-жылдан бери СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Республика жана союздук көргөзмөлөрдүн катышуучусу.
НАСИПТЕРИ
Күзкү кеч. 1965. Кенеп, май. 95x131.
Кыякчы. 1966. Кенеп, май. 110x90.
Чумыш дарыясы. 1966. Картон, май. 50x70.
Таш-Булак. 1967. Кенеп, май. 75x102.
Комсомолдун портрети. 1967. Кенеп, май. 88x100.
Кырымшаковдун портрети. 1980. Кенеп, май. 89x109.
Жар. 1980. Кенеп, май. 50x80.