
Копотев Вячеслав Викторович
Сүрөтчү - медальер. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген маданият ишмери. 1942-жылдын 5-мартында Куйбышев шаарында төрөлгөн.
1962-жылы Фрунзе көркөм өнөр окуу жайынын педагогикалык бөлүмүн аяктаган. Республикадагы медаль искусствосуна кызыккан биринчи сүрөтчүлөрдүн бири. Анын жараткан эмгектери, тематикасы боюнча жарандык мүнөзгө ээ, союздук жана эл аралык медаль көргөзмөлөрүндө көрсөтүлгөн. Ал кыргыз элинин тарыхы, маданияты жана эмгек жетишкендиктерине арналган медалдарды жараткан.
Копотев медалдарда мазмундук жактарын да, формалдык сапаттарын да эске алат. Ал «Кыргызстандын колдонмо искусствосу» (1972), «Кыргызстандын байыркы маданият эскерткечтери» (1973); «Байыркы Русь архитектурасы» (1973), «Жыйым» (1975), «Алгачкы Лениндик декреттер» (1977) сыяктуу тематикасы боюнча маанилүү медаль циклин жараткан. Сүрөтчү Кыргызстанды Францияда өткөн «Медальдын кайра жаралуусу» эл аралык көргөзмө-сынагында (1974), Дамаскта өткөн сувенирлердин эл аралык көргөзмөсүндө (1974), Польшадагы XVI медаль искусствосунун конгрессинде (1975) көрсөттү. Ал Т.Герценге арналган мемориалдык тактаны иштеп чыккан - 2005.
«Жакшылык үчүн» медалынын эскиздерин иштеп чыгуу үчүн 2007-жылы экинчи сыйлыкка ээ болгон.
1976-жылдан бери - СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. В. Копотевдин эмгектери Кыргыз Республикасынын Г.Айтиева атындагы көркөм искусстволор улуттук музейинде, Мамлекеттик Эрмитажда, А.Пушкин атындагы музейде, Киев шаарындагы Мамлекеттик тарых музейинде, «Куликово поле» музейинде, Москвадагы Монета сарайындагы музейде, ошондой эле жакын жана алыс чет өлкөлөрдөгү жеке коллекцияларда сакталууда.
Негизги эмгектери
Медалдар
Байыркы Русь. 1972. Бронза, куюу. 077мм.
Таш идолдор. 1975. Бронза, куюу. 60x65мм.
Скульптуралар. 1976. Медь, куюу. 082мм.
Легенда. Эне-муйуз. 1981. Бронза, куюу. 0100мм.
Биздин ишибиз туура. 1985. Бронза, куюу. 50x80мм.
Жыйын. Кызыл юрта. 1987. Бронза, куюу. 076мм.
Кудайга каршы чыгуу Русьта. 1988. Медь, гальваника. 74x80мм.
Алма. Диптих (Адам жана Ева) Бронза, куюу. 0 70мм.
Кыргыз Республикасы үчүн жаратылган медалдар
1. Фрунзе шаарынын 100 жылдыгына медаль жана нагрудный белги.
2. «Илим жана техника тармагындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты» алтын нагрудный белги, Кыргызстан.
3. «Илим жана техника тармагындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты» алтын нагрудный белги (кайра) Кыргызстан, жаңы улуттук символика менен.
4. «Алыкула Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты» медалы.
5. «Тугельбай Сыдыкбеков атындагы сыйлыктын лауреаты» медалы.
6. «Курманжан Датка» атайын белги.
7. «Буркут» атайын белги (шеврон).
8. Токтогулга арналган юбилейдик медаль.
9. «Улупук коопсуздук Министрлиги» эмблемасын жараткан катышуучу.
10. Алгачкы улуттук сыйлыктар жана ордендер: «Ак-шумкар», «Манас», «Баатыр-эне» жана медалдар «Эрдик», «Данк», «Эне данкы» жараткан катышуучу.
11. Президент үчүн жогорку мамлекеттик бийликтин символу - атайын нагрудный подвеска.
Ошондой эле В.Копотевдин эскиздери боюнча: Жогорку Кеңеш үчүн медалдар, депутаттар үчүн белгилер, Академиянын илимдери үчүн «Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты» медалы, Кыргыз Республикасынын көркөм өнөр академиясынын академиктери үчүн медаль, 100дөн ашык ар кандай сувенирдик белгилер жаратылган.
Живопись
Заповедное золото. 1991. Кенеп, май. 50x70.
Вечерняя полянка. 1995. Кенеп, май. 29x39.
Полет жаворонка. 1997. Кенеп, май. 70x70.
Тихая обитель. 2003. Кенеп, май. 31x47.
Автопортрет в мастерской. 2007. Кенеп, май. 35x60.
Аил Кызыл Ой. 2007. Кенеп, май. 35x48.
Портрет дочери Лады. 2007. Кенеп, май. 60x60.