
Курбанов Таласбек Келдибаевич
Скульптор. 1963-жылдын 13-мартында Ош облусунун Алай районундагы Чийирчик айылында туулган.
1985-жылы С.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм окуу жайынын керамика бөлүмүн аяктап, Ош шаарындагы №24 орто мектепте сүрөт жана черчение мугалими болуп дайындалган. 1986-жылы Ош шаарындагы Г.Айтиева атындагы көркөм мектепте мугалим болуп иштеген. 1995-жылы Ош мамлекеттик университетинин искусстволор факультетин аяктаган. 1993-жылы чыгармачылык (эксперименталдык) көркөм мастерскойдун директору болуп дайындалган. 1994-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун алдындагы Ош чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмесинин директору. 1999-жылдан бери Ош билим берүү борборунда керамика кружугунун жетекчиси.
2007-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Облустук жана республикалык көргөзмөлөрдүн катышуучусу.
НАСИГИ РАБОТТАР
Ош-3000. Ваза. 1997. Керамика. 30x15.
Автопортрет. 1988. Гипс. 30x32x23
Жубайынын портрети. 1994. Гипс. 34x36x25.
Гульзана. 1996. Керамика. 30x19x18.
Сүйүү. Ваза. 1996. Керамика. 34x17x17.
Адам жана Ева. Ваза. 1997. Керамика. 25x14x19.
Көктөм. 1997. Керамика. 28x30x21.
Сергей Есенин. 1998. Медальон. 10х0,5
Эне. 1999. Керамика. 45x20x20.
Узген минарети. Медальон. 1999. Керамика. 9x0,5
Ош-3000. Медальон. 2000. Керамика. 9x0,5
«Манас» архитектуралык комплекси үчүн макет. 2000. Гипс. 35x80x80.
Кылымдардан келген рух. 2006. Керамика, жыгач. 45x30x30
Жеңишке болгон ишеним. 2006. Гипс. 60x50x50.