
Мамбетаитова Шакен
Көркөм өнөрчү. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген маданият кызматкери. 1936-жылдын 20-ноябрында Ысык-Көл облусунун Тон районундагы Туура-Там айылында төрөлгөн.
1970-жылы Фрунзе көркөм өнөр училищесин аяктаган. Элдик колдонмо өнөрдүн салттуу түрлөрү жана техникасында иштеп, жүн жана чийден панно, кийизден килемдер, тигүү иштерин жасаган.
Республикалык, союздук жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. Эмгектери Кыргыз улуттук көркөм искусстволор музейинде, Т.Сатылганов атындагы музейде, СНГ өлкөлөрүндөгү музейлерде жана жеке коллекцияларда сакталууда.
1971-жылдан бери СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.
НЕГИЗГИ ЭМГЕКТЕР
Ашкана. 1970. Чий, жүн, токуу. 300x150.
Кыз верблюд менен. 1970. Чий, жүн. 200X120.
Декоративдик панно. 1970. Чий, жүн. 200x300.
Кыргыздардын конокчулугу. 1972. Чий, жүн. 70x60.
Декоративдик панно. 1972. Чий, жүн. 200x300.
Декоративдик панно. 1973. Чий, жүн. 270x160.
Декоративдик панно «Молдова». 1973. Чий, жүн. 15x200.
Декоративдик панно. 1973. Чий, жүн. 170x200.
Декоративдик-орнаменталдык панно «Ашкана». 1978. Чий, жүн. 270x170.
Ч. Айтматовдун портрети. 1978. Чий, жүн. 200x130.
Панно «Кыз-куумай». 1979. Чий, жүн. 250x150.