
Медеров Таир Турарович
Скульптор. 1962-жылдын 5-мартында Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1981-жылы Москвадагы Калинин атындагы көркөм өнөр окуу жайын аяктаган, 1991-жылы Ленинграддагы И.Е.Репин атындагы живопись, скульптура жана архитектура институтун бүтүргөн. 1991-жылы Кыргыз Республикасынын көркөм өнөр академиясынын аспиранты болгон. 1981-1983-жылдары «Кыял» элдик көркөм өнөр бирикмесинде сүрөтчү болуп иштеген.
Ал монументалдык жана станкалык скульптуралардын автору. Т.Медеров сүрөтчү катары чыгармачылыкка умтулган, көп тараптуу, өнүгүп жаткан, сапаттуу бийиктикке жетип жаткан инсан. Республикалык көргөзмөлөрдүн жана скульптура боюнча эл аралык симпозиумдардын катышуучусу. Анын эмгектери Кыргыз Республикасынын Г.Айтиева атындагы улуттук сүрөт музейинин фонддорунда сакталат.
1992-жылдан бери Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү
Негизги эмгектери
Биринчи мугалим. 1988. Металл. 70x40x30.
Токтогул. 1989. Металл. 35x15x10.
Кыз жана көгүчкөн. 1989. Известняк. 160x100x80.
Уйку. 1990. Песчаник. 140x110x220.
Мелодия. 1990. Шамот. 25x20x15.
Сүйүү легендасы. 1990. Шамот. 45x60x30.
Биримдик. 1990. Ракушечник. 180x120x115.
Семетей. 1991. Металл. 45x17x30.
Тереңдиктеги ойлор. 1992. Металл. 33x24x47.
Ай-Пери. 1992. Доломит. 110x150x95.