
Мергенбаева Гульнафис Нургалиевна
Көркөм өнөрчү. 1962-жылдын 9-сентябрында Казакстан ССРинин Семипалатинск облусунун Кайнар айылында төрөлгөн.
1984-жылы Алматы шаарындагы көркөм өнөр училищесин аяктаган, андан кийин 1994-жылы Казак мамлекеттик көркөм академиясын бүтүргөн. 1992-жылдан бери Ош шаарындагы көркөм фонддун долбоорлоочусу. 1996 - 1999-жылдары «Мээрим» фондунун көркөм жана колдонмо искусствосу боюнча кружокторунун жетекчиси. 2002-жылдан бери Кыргыз-Түрк лицейи «Себат» мектебинде иштейт.
Облус жана республика деңгээлиндеги көргөзмөлөрдүн катышуучусу.
НАСИГИ РАБОТТАР
Декоративдик колдонмо искусство
Ата-бабалардын жолу. 1997. 200x85. Жүн, курак. 200x85.
Жибек жол. 2000. Жүн, курак. 300x120.
Солго бурулуш. 2003. Жүн, курак. 90x150.
Жайкы куштар. 2005. Жүн, курак. 300x120.
Эстелик. 2006. Жүн, курак. 90x150.
Живопись
Ноокаттык кыз. 1997. Канва, май. 65x40.
Жолугушуу. 1997. Канва, май. 60x60. 1997.
Кайра чагылдыруу. 1998. Канва, май. 90x65.
Түн. 1999. Канва, май. 45x35.
Сагыныч. 2000. Канва, май. 80x60.
Далалык мадонна. 2002. Канва, май. 30x25.
Эне портрети. 2003. Канва, май. 45x60.
Сары Челек. 2005. Канва, май. 65x85.