Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Муканбетов Муктар

Муканбетов Муктар

Муканбетов Муктар

Муканбетов Муктар

(1937-1996)
Живописьчи. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. 1937-жылдын 10-майында Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Түп айылында туулган. 1960-жылы Фрунзе көркөм сүрөт училищесин, ал эми 1968-жылы И.Е.Репин атындагы Ленинград көркөм сүрөт, скульптура жана архитектура институтун аяктаган. 1968-жылдан тартып А.С.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт училищесинде мугалим болуп иштеген. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде доцент болгон.

Сүрөтчү кеңири чыгармачылык кызыкчылыктарга, көп кырдуу талантка ээ. Өзүнүн чыгармачылыгында аны курчап турган чындыкты ар тараптуу чагылдырган. Сюжеттик-тематикалык сүрөт жанрында, портретте, тарыхый жана айыл темаларын иштеп чыккан. Мазмун менен форманын биримдиги, идея менен анын пластикалык билдирүүсүнүн байланышы маселесине көп көңүл бурган.

Республика, союздук жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. Анын эмгектери Кыргыз мамлекеттик көркөм искусствосунун музейинде (Г.Айтиева атындагы), Москвадагы көргөзмөлөр жана панорама дирекциясында; чет өлкөлөрдүн жеке коллекцияларында сакталат.

1974-жылдан тартып СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.

НАСИГИ РАБОТТАР

Люба. 1968. Кенеп, май. 46x55.
Аял портрети. 1970. Кенеп, май. 130x140.
Жаңы шамал. 1972. Картон, май. 80x50.
Секретарь-машинистка. 1975. Кенеп, май. 116x100.
Сүрөтчү Осмоновдун портрети. 1977. Кенеп, май. 120x99,5.
Алыча дарактарында. 1977. Кенеп, май. 144x96,5.
Медет. 1987. Кенеп, май. 62x69.
Уруштун эси. 1991. Кенеп, май. 131x141.
Автопортрет. 1996. Кенеп, май. 90x75
14-02-2018, 23:21
Вернуться назад