Осташев Аркадий Сергеевич
(1929 - 2002)График. Кыргыз ССРдин эмгек сиңирген искусствосунун ишмери. 1929-жылдын 14-январында Москва облусунун Волоколамск районундагы Никольское айылында төрөлгөн.
1949-жылы Саратов көркөм өнөр окуу жайын, 1955-жылы Ленинграддагы И.Е. Репин атындагы живопись, скульптура жана архитектура институтунун графика факультетин аяктаган. А.Ф. Пахомов, П.П. Белоусов, Л.Ф. Овсянников сыяктуу белгилүү сүрөтчүлөрдөн билим алган.
1956-жылдан тартып СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.
1955-1964-жылдары «Мектеп» басмаканасында көркөм редактор болуп иштеген, 1964-1968 жана 1972-1979-жылдары Госполиграфиздаттын башкы сүрөтчүсү болуп, республикада чыгарылган китептердин көркөм жана полиграфиялык сапатын жогорулатууга таасир эткен.
Ал станковая жана китеп графикасында, линогравюра, акварель, пастель, сүрөт техникасында иштеген. Анын чыгармачылыгында Кыргызстан темасы жана Россия темасы параллелдүү өнүккөн. Кыргыз темасы сүрөтчү үчүн элдин тарыхы жана руханий маданиятын түшүнүүдөн башталган. Сүрөтчү документалдык тактык менен Кыргызстан борборунун мүнөздүү турмушун, архитектурасын жана табигый чөйрөсүн сүрөттөгөн. Китеп сүрөтчүсү катары Осташев иллюстрация, макеттөө, китеп продукциясын көркөм оформлениеде жогорку кесипкөйлүктү көрсөткөн.
Республика боюнча көргөзмөлөрдүн катышуучусу. Анын мыкты эмгектери Кыргыз Республикасынын Г.Айтиева атындагы көркөм искусстволор улуттук музейинде, Москва жана Ленинграддагы адабий музейлерде жайгашкан.
«Эмгек айырмачылыгы үчүн», «Эмгек даңкы үчүн. В.И. Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата», СССР ВДНХнын Күмүш жана Бронза медалдары менен сыйланган. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, СССР Сүрөтчүлөр Союзунун Ардак грамоталары менен сыйланган.
Негизги эмгектери
Станковая эмгектери
«Маяковский - революция поэти» сериясы. 1955.
Автолитография. 3 барак. Степте отар. 1956. Кагаз, акварель. 23,6x35,2.
«Токтогул түрмөдө» сериясы. 1957-1958.
Түсдүү линогравюра. 3 барак. Айна. 1958. Кагаз, акварель. 31x25.
«Базар» сериясы. 1960. Линогравюра. 3 барак.
Экзамен алдында. Студентка. 1962. Акварель. 32x29.
Улан барат. 1962. Линогравюра. 29,5x58.
Ликбез. Биринчи мугалим. 1963. Линогравюра. 65x119,5.
Мектепке. 1963. Линогравюра. 59,5x40.
Ош аймагында. 1963. Линогравюра. 61,3x40,4.
Иллюстрациялар
М. Абдукаримов «Турмушку каалайм». 1960.
Ч. Айтматов «Биринчи мугалим». 1965.
Н. Платонова «Бул китеп поэт жөнүндө». 1965.
К. Бектенов «Куйручук». 1968.
А.С. Пушкин Тандалган. 1970.
Н. Некрасов Тандалган. 1971.
Т. Сатылганов Тандалган. 1976.
Р. Бернс «Тоолордо жүрөгүм». 1979.