Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Серебрякова Галина Борисовна

Серебрякова Галина Борисовна

Серебрякова Галина Борисовна

Серебрякова Галина Борисовна


Колледж художник, живопись. 1956-жылдын 13-апрелинде Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1978-жылы Фрунзе политехникалык институтун, геология инженер адистиги боюнча аяктаган, 1986-жылы Кыргыз ССР Маданият министрлигинин эстетикалык тарбия берүү боюнча төрт жылдык шаардык студиясын бүтүргөн. Бишкек шаарындагы искусстволор мектебинде жана башка мектептерде Республикалык окуу-методикалык борборунда мугалимдик кылган. «Графика жана иллюстративдик дизайн» курстарын өткөрөт. Эл аралык көргөзмөлөргө катышканы үчүн мугалим катары ар кандай дипломдор менен сыйланган.

2003-жылдан бери Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Республикалык жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. Сүрөтчүнүн эмгектери жакын жана алыс чет өлкөлөрдүн жеке коллекцияларында жана галереяларында жайгашкан.

Негизги эмгектери

Панно «Биринчи кар». 2000. Жүн, валяние. 100x110.
Панно «Клен күмүш». 2000. Жүн, валяние. 110x120.
Панно «Жыпара». 2000. Жүн, валяние. 80x110.
Панно «Иссык-Көл тууралуу беш ыр». 5 панно. 1999. Жүн, валяние. 60x80.
Металлорок. 2006. Кенеп, май. 72x72.
Отсвет. 2006. Кенеп, май. 59x75.
Вписанная. Абстракция. 2006. Картон, май, акварель. 99x79
Мелодия. 2005. Батик. 81x56.
Вдохновение. 2005. Батик. 81x63.
Сталкер. 2006. Кагаз, акварель. 62x49.
Отражение в сознании. 2006. Кагаз, акварель. 62x49.
Земля Бугу. «Кудуреттүү Кыргызстан» альбомунан. 1996. Түс графика 35x45.
Очаг. «Кудуреттүү Кыргызстан» альбомунан. 1996. Түс графика. 35x45.
Дорожка моя пролегла к луне. «Күн жана түн» альбомунан. 1997. Түс графика. 35x55.
24-02-2018, 16:30
Вернуться назад