Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Стукошин Федор Михайлович

Стукошин Федор Михайлович

Стукошин Федор Михайлович

Стукошин Федор Михайлович

(1914-1974)
Сүрөтчү. 1914-жылдын 18-февралында Смоленск облусунун Разрытое айылында туулган. 1936-жылы Омск көркөм өнөр окуу жайын аяктаган. 20 жыл бою Фрунзе көркөм өнөр окуу жайында мугалим болуп иштеген, Кыргыз Республикасынын көркөм кадрларын даярдоого чоң салым кошкон. Кыргыз искусствосунун тарыхына Стукошин согуштан кийинки мезгилдин алдыңкы сүрөтчүлөрүнүн бири катары кирген. Өзүнүн чыгармачылык жолунда ал кыргыз элдин согуштан кийинки жашоосуна арналган темалык сүрөттөрдү, пейзаждарды жана портреттерди тарткан.

Ал республикалык жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу болгон. Анын чыгармалары Кыргызстандын Г.Айтиева атындагы көркөм искусстволор улуттук музейинде сакталат.

Согуштагы эрдиктери үчүн «Кызыл Жылдыз» ордени жана медалдар менен сыйланган.

НАСЫЯЛАР

Советтик Союздун Баатыры Сиянин М. Д. портрети. 1948. Кенеп, май. 109x82.
Сказитель. 1948. Кенеп, май. 148x192,5.
На току. 1949. Кенеп, май. 152,5x195.
Путейцы. 1950. Кенеп, май. 149x208.
Серый день на Сенеже. 1951. Кенеп, май. 49,5x64,5.
5 март. 1953. Кенеп, май. 179,5x16,5.
Исраиловдун портрети. 1954. Кенеп, май. 109x83.
Көлдүн жээгинде. 1956. Картон, май. 25x33.
Ферма. 1956. Кенеп, май. 51X38.
На окраине. 1957. Кенеп, май. 31x44.
Ковровщицы. 1959. Кенеп, май. 140x205.
Карагач рощасында күз. 1963. Кенеп, май. 50x35.
На окраине. 1967. Кенеп, май. 31x44.
25-02-2018, 02:02
Вернуться назад