
Талиев Омурбек
Сүрөтчү. 1957-жылдын 20-октябрында Ош облусунун Алай районундагы Гульча айылында туулган. 1983-жылы С.А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт училищесин, 1992-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик киноинститутунун көркөм өнөр факультетин аяктаган.
1983-1986-жылдары Алай райондук маданият бөлүмүндө сүрөтчү-декоратор болуп иштеген. 2006-жылдан бери Ош мамлекеттик университетинде атайын дисциплиналардан мугалим.
1996-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Облустук, республикалык жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. Талиевдин мыкты эмгектери чет өлкөдөгү жеке коллекцияларда сакталууда.
НЕГИЗГИ ЭМГЕКТЕР
Түнкү ырлар (Бекбекей). 1984. Кенеп, май. 80x95.
Эрте жаз. 1985. Картон, май. 43x53.
Кыш. Күндүү күн. 1986. Картон, май. 29x35.
Жайдын аягында. 1987. Картон, май. 27x42.
Самарканддын четинде. 1988. Картон, май. 19x40.
Акыркы нур. 1998. Кенеп, май. 29x44.
Курманжан Датка. Триптих. 1999. Кенеп, май. 96x77.
Табиятка сыйынуу. 2000. Кенеп, май. 90x114.
Табунчынын үй-бүлөсү. 2001. Кенеп, май. 100x115.
Мурдашта жай. 2002. Кенеп, май. 134x180.
Күздүн кечи. 2003. Картон, май. 26x32.
Жер көчкү. 2004. Кенеп, май. 96x119.
Жаандан кийин. 2005. Кенеп, май. 60x80.
Аялдын портрети. Кенеп, май. 45x60.
Алымбек Датка. 2007. Кенеп, май. 133x165.