Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Торогельдиев Алтынбек

Торогельдиев Алтынбек

Торогельдиев Алтынбек

Торогельдиев Алтынбек


Сүрөтчү. 1953-жылдын 7-октябрында Ош облусунун Узген районундагы Ленин айылында төрөлгөн. 1972-жылы Фрунзе көркөм окуу жайын, педагогикалык бөлүмүн аяктаган. 1972-1973-жылдары Узген районундагы Макаренко атындагы орто мектепте сүрөт жана черчение мугалими болуп иштеген, 1975-жылдан тартып Ош шаарындагы көркөм өндүрүштүк устаканаларда сүрөтчү-дизайнер болуп иштейт.

1989-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, Ош шаардык администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Сүрөтчүнүн мыкты эмгектери Г.Айтиева атындагы Кыргыз улуттук көркөм искусстволор музейинде жайгашкан.

НАСИЕТТЕР

Жарганаттын уясы. 1989. Кенеп, май. 38x55.
Кошка тоосу. Симеиз. 1989. Кенеп, май. 33x44.
Алупкадагы кеч. 1991. Кенеп, май. 74x95.
Кыз куумай. Улуттук оюндар. 1993. Кенеп, май. 60x80.
Кеч. 1993. Кенеп, май. 44x60.
Мелодия. 1994. Кенеп, май. 90x90.
Цирк. 1999. Кенеп, май. 90x90.
Тыйын энмей. Ат оюндары. 2000. Кенеп, май. 60x60.
Алай Кууда таң. 2000. Кенеп, май. 60x60.
Паломниктер. 2002. Кенеп, май. 60x60.
Сүйлөшүү. 2003. Кенеп, май. 45x55.
Саякатчылар. 2003. Кенеп, май. 56x44.
1-03-2018, 05:23
Вернуться назад