
Турумбеков Каныбек Асанбекович
График. 1960-жылдын 11-июнунда Фрунзе шаарында туулган. 1980-жылы Фрунзе көркөм өнөр училищесин, 1985-жылы Москва полиграфия институтун аяктаган.
1987-жылы «Кыргызстан» басмаканасында көркөм редактор, андан кийин «Кыргызстан аялдары» журналынын көркөм редактору болуп иштеген.
1990-жылдан бери Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Республикалык жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. К.Турумбековдун мыкты эмгектери Кыргызстандын Г.Айтиева атындагы мамлекеттик көркөм искусстволор музейинде, ошондой эле өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө жеке коллекцияларда сакталууда.
НАСЫЯ ЭМГЕКТЕР
Кайдадыр. 1988. Кагаз, офорт. 22x30.
Кечи. 1988. Кагаз, акварель. 49x62.
Канаттуулар. 1990. Кагаз, акварель. 47x55.
Жамгыр. 1990. Кагаз, акварель. 1947x59.
Куугум. Кеч. 1990. Кагаз, акварель. 49х63.
Тоолор. Композиция №1,3,4. 1991. Кагаз, акварель. 155x22.
Мадам. 1997, Кагаз, акварель. 30x34.