
Тюрин Виктор Степанович
(1917-2008)Сүрөтчү. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген маданият ишмери. 1917-жылы Башкортостандун Белебеев районунун Расво айылында төрөлгөн.
1935-жылы Л.Касаткин жетектеген сүрөт студиясына катышкан.
1940-жылы Москвадагы «1905-жылдын эскерүүсүнө» арналган сүрөтчү окуу жайын, 1951-жылы В.И. Суриков атындагы Москва мамлекеттик сүрөт институтун аяктаган.
1952-жылдан тарта СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.
Тюрин сүрөтчү-станковист катары иштеп, жанрдык жана портреттик картиналарды жараткан. Анын каармандары - жер менен тыгыз байланышта болгон, кооз тоо табигатынан ырахат алган эмгекчилер. Республикалык, союздук жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. Сүрөтчүнүн эмгектери Кыргыз улуттук көркөм искусстволор музейинде, ТМД өлкөлөрүнүн музейлеринде жана жеке коллекцияларда жайгашкан.
НАСИЕТТЕР
Шаардык пейзаж. 1939. Кенеп, май. 42,5x37,5.
Токтогулдун окуучусунун портрети - Алыкула Усенбаев. 1940. Кенеп, май. 88x63.
Ала-Арчы өрөөнү. Тоо пейзажы. 1947. Кенеп, май. 119x175,5.
Чабан. 1951. Кенеп, май. 170x145.
Буденный ат заводунда. 1952. Кенеп, май. 19,3x2:10.
Уйчу. 1952. Кенеп, май. 149x210.
Чабандын үй-бүлөсү. 1958. Кенеп, май. 112x180.
Комбайнчылардын кечки тамагы. 1960. Кенеп, май. 132x198.
Тоо капчыгайында. 1960. Кенеп, май. 141x109.
Музыка сабактары. 1961. Кенеп, май. 190x125.
Кооперативдин о тарасы. 1961. Кенеп, май. 52x79,5.
Айыл мугалими. 1970. Кенеп, май. 160x240,8.
Жаштык. 1974. Кенеп, май. 163x79,5.