Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Чаланов Ишембек

Чаланов Ишембек

Чаланов Ишембек

Чаланов Ишембек


Көркөм өнөрчү. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Элдик билим берүү отличниги. 1957-жылдын 15-январында Нарын облусунун Кочкор районундагы Кум-Дюбе айылында туулган. 1981-жылы С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр училищесин "терини көркөм иштетүү" бөлүмү боюнча аяктаган. 1981-1984-жылдары - № 19 Элдик прикладдык училищесинде (азыркы № 92 С.Чокморов атындагы) сүрөт жана живопись сабагынан мугалим, 1984-1985-жылдары - № 92 Элдик прикладдык училищесинде терини көркөм иштетүү боюнча өндүрүштүк окутуунун устаты. 1985-жылдан бери - С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр училищесинде атайын дисциплиналардан мугалим, 1991-жылдан бери - окуу устаканаларынын жетекчиси.

1990-жылдан бери - Дизайнерлер союзунун мүчөсү, 1992-жылдан бери - Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.

Республикалык жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Сүрөтчүнүн эмгектери Кыргыз Республикасынын Г.Айтиева атындагы Улуттук көркөм искусстволор музейинде, Чыгыш элдеринин мамлекеттик музейинде, РФ сүрөтчүлөр союзунда (Москва), ошондой эле чет өлкөдөгү жеке коллекцияларда жайгашкан.

НАСЫЯЛЫК ЭМГЕКТЕР

Декоративдик вазалар. Триптих. 1983. Тери, картон.
Тогуз коргол. 1989. Тери, көлөмдүү басма.
Кум - Тер. 1996. Тери, алтын жалатуу.
Диптих. Деету ата. Умай эне. 2000. Тери, латунь.
Млечный путь. 2000. Тери, басма.
Кызды уурдоо. 2001. Тери, басма, алтын жалатуу.
Кыргыздардын жашоо дарагы. 2004. Күмүш, тери, басма.
1000 жылдык "Манас" эпосу. 2004. Күмүш, тери, басма.
Юрта. 2007. Тери, латунь, күмүш, алтын жалатуу.
Кабылан. Ат жабдыктарынын комплекти. 2007. Тери, металл, күмүш, алтын жалатуу, мельхиор.
6-03-2018, 21:54
Вернуться назад