
Шаршекеев Арстанбек Мурзабекович
Скульптор. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген маданият кызматкери. 1951-жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын Апамедин районунун Берлик айылында төрөлгөн. Москвадагы жогорку көркөм-промышленный училищени (б. Строгановское) монументалдык-декоративдик скульптура бөлүмүн аяктаган. 1979-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Сүрөт фондунун скульптору.
1986-жылдан бери СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.
Республикалык, союздук көргөзмөлөрдүн жана скульптура боюнча эл аралык симпозиумдардын катышуучусу.
Шаршекеевдин эмгектери Кыргыз Республикасынын Гайтиева атындагы Улуттук көркөм искусстволор музейинде, Мамлекеттик Третьяков галереясында, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү жеке коллекцияларда жайгашкан.
Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жана СССР сүрөтчүлөр союзунун дипломун алган.
НЕГИЗГИ ЭМГЕКТЕР
Султан Ибраимовдун бюсту. 1980.
Кожомкул. 1980. Шамот.
Жаз айы. 1980. Шамот Чолпом. 1980. Шамот
Автопортрет. 1982. Шамот.
Аталардын эскерүүсү. 1984. Шамот.
Балалык менен коштошуу. 1984. Шамот.
Океандын кумдуу жээгинде. 1986. Шамот
Атчы. 1986. Шамот
Бала. 1988. Шамот
Аңчы. 1988. Бронза.
Көпчүлүк. 1990. Шамот
Торс. 1990. Шамот
Абсамат Масалиевдин бюсту. 2007.