
Элебесова Даркуль
Колдонмо сүрөтчү. 1958-жылы Ысык-Көл облусунун Тон районундагы Ак-Олон айылында төрөлгөн. 1977-жылы Фрунзе көркөм өнөр окуу жайын, колдонмо искусство бөлүмүн бүтүргөн. Таллин көркөм өнөр университетинде окуган. 1980-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Көркөм фондунда иштейт.
2003-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Элдик колдонмо искусствонун салттуу техникасына - кесте, курак, сүрөтчү оригиналдуу, аралаш техникаларды колдонуп, кестени, шёлкографияны, куракты жана терини бириктирет. Республика аралык жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу.
Сүрөтчүнүн чыгармалары Кыргыз Республикасынын Г.Айтиева атындагы Улуттук көркөм искусствосунун музейинде жана республикадагы, ТМД өлкөлөрүндөгү жана чет өлкөлөрдөгү жеке коллекцияларда орун алган.
«Манас» эпосуна негизделген кийимдер комплекти үчүн «Манас 2000» аялдардын кийимдерин моделдөө конкурсуна катышып, Биринчи сыйлыкка ээ болгон жана «Ош-3000» көргөзмө-байге конкурсуна «Композиция» сериясы үчүн Биринчи сыйлыкка ээ болгон.
НАСИГИ РАБОТТАР
«Натюрморт» сериясы. 1989. Шёлк, ысык батик. 110x110.
Манас. 1995. Шёлк, суук батик. 150x150.
Натюрморт. 1997. Шёлк, ысык батик. 110x110.
Умай эне. 1998. Аралаш техника. 120x80.
Жети Огуз. 2000. Шёлк, ысык батик. 150x110.
Күз. 2001. Шёлк, ысык батик. 110x110.
Саймалуу таш. 2002. Шёлк, ысык батик. 110x110.
Фантазия. 2004. Шёлк, ысык батик. 110x100.
Алтын жүн. 2005. Тери. 100x80.
Диптих «Фантазия». 2007. Курак;. 80x80 (ар бири).
Кышкы кеч. 2007. Шёлк, ысык батик. 110x110.
«Саймалуу таш» сериясы. (1997 - 2007). Шёлк, ысык батик. 110x110.