
Эрбол Догдурбек
1986-жылдын 9-февралында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган.
2003-жылы С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр окуу жайын аяктаган.
Кыргыз Республикасынын Улуттук искусстволор академиясынын живопись факультетинин студенти. Республика аралык жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу.
Жаш сүрөтчүлөрдүн республикалык конкурстары жана көргөзмөлөрү боюнча дипломдор менен сыйланган. Президенттик «Прелюдия» стипендиясынын стипендиаты (2005).
Сүрөтчүнүн эмгектери Кыргыз Республикасынын Г.Айтиева атындагы Улуттук көркөм искусстволор музейи тарабынан сатып алынган, ошондой эле жеке коллекционерлер тарабынан.
НАСЫЛ ЭМГЕКТЕР
Алма менен натюрморт. 2004. Кенеп, май. 70х50.
Досторум. 2005. Кенеп, май 130x100.
Сирень. 2005. Кенеп, май 60x80.
Ак кувшин. 2005. Кенеп, май 90x70.
Автопортрет. 2005. Кенеп, май 90x70.
Кызыл тоо. 2006. Кенеп, май 50x40.
Эки грация. 2006. Кенеп, май 90x70.
Токто. «Эки» сериясынан. 2006. Кенеп, май 90х70.
Балалык. 2007. Кенеп, май 120x110.
Пейзаж. 2007. Кенеп, май 100x70.