Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Эшбаев Мамыралы

Эшбаев Мамыралы

Эшбаев Мамыралы

Эшбаев Мамыралы


Сүрөтчү. 1959-жылдын 1-январында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ызар айылында төрөлгөн. 1985-жылы Пржевальск педагогикалык институтун, искусстволор графика факультетин аяктаган. 1985-1987-жылдары Ош педагогикалык училищесинде атайын дисциплиналардан мугалим болуп иштеген. 1994-жылдан тарта Ош мамлекеттик университетинин искусстволор факультетинин көркөм-графика бөлүмүнүн башчысы. 1996-жылдан тарта сүрөт тартуу, черчение жана эмгек кафедрасынын доценти.

1991-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Сүрөтчүнүн мыкты чыгармалары Кыргыз Республикасынын Г.Айтиева атындагы көркөм искусстволор улуттук музейинде жайгашкан.

НЕГИЗГИ ИШТЕР

Коштошуу. 1985. Кенеп, май 85x120
Кыздын портрети. 1986. Кенеп, май 70x50
Ветеран портрети. 1987. Картон, май 90x50
Эрте куурулар. 1988. Картон, май 57x75
Балалык. 1989. Картон, май 86x120
Чыгыш сюитасы. 1990. Кенеп, май 75x96
Тагдыр. 1991. Кенеп, май 120x120
Тоонун ээси. 1991. Кенеп, май 80x120
Шаркыратма. 1992. Кагаз, акварель 50x35
Тандыр. 1993. Кенеп, май 108x96
Эне. 1995. Кенеп, май 50x35
Сулайман тоо. Кеч. 1998. Кенеп, май 45x65
Токтобюбү Бабашеванын портрети. 2002. Кенеп, май 130x100
8-03-2018, 16:35
Вернуться назад