Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Кадырбаева Тамара Турсунбаевна

Кадырбаева Тамара Турсунбаевна

Кадырбаева Тамара Турсунбаевна

Кадырбаева Тамара Турсунбаевна


Искусствовед. 1951-жылдын 16-мартында Карасуй районунун Япалак айылында төрөлгөн. 1972-жылы Фрунзе көркөм өнөр окуу жайын, 1979-жылы Ленинграддагы И.Е.Репин атындагы институттун көркөм искусствонун теориясы жана тарыхы факультетин аяктаган.

1974-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун Ош бөлүмүнүн көргөзмө залында иштеген, андан кийин Ош шаарындагы Элдик маданият университетинде жана балдар көркөм мектепте мугалим болуп иштеген. ОшГУнун көркөм искусство факультетинин доценти.

1992-жылдан бери Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.

НЕГИЗГИ ИШТЕР

Ош облусунун сүрөтчүлөрүнүн эмгектерин көргөзүү каталог. 1974.
Ош, Пржевальск, Джалал-Абад сүрөтчүлөрүнүн отчеттук көргөзмөсү. Каталог түзүү. 1982.
Рауф Шафеев. Көргөзмөнүн каталогу. 1976.
Ош шаарынын сүрөтчүлөрү. Көргөзмөнүн каталогу. М.: «Советский художник»,
Леонтий Горбунов. Көргөзмөнүн каталогу. Ош, 1981.
Батыр Джалиев. Буклет. Ош, 1982.
Батыр Джалиев. Көргөзмөнүн каталогу. Ош, 1983.
Телесюжет «Суретчу Мырза Омуркулов». Сценарий. 1984.
Телесюжет «Батыр Жалиев». Сценарий. 1985.
Ош облусунун сүрөтчүлөрүнүн эмгектери көргөзмөсү. Көргөзмөнүн каталогу. Түзүү. 1987.
Ош шаарындагы сүрөтчүлөр Вьетнамда. Көргөзмөнүн каталогу. Түзүү. 1988.
Студенттер үчүн эстетика жана этика боюнча жаңы программа. Соавторлук. 1992.
9-03-2018, 02:38
Вернуться назад