
Белякова Вера Михайловна
Сүрөтчү-гример. 1927-жылдын 1-майында Бобруйск шаарында туулган. Орто мектептин 8-классын аяктаган соң Бобруйск орус драма театрынын гримердик цехине окуучу катары кабыл алынган. 1947-жылдан баштап Минск музыкалдык комедия театрында, Даугавпилс орус драма театрында, Н. К. Крупская атындагы Фрунзе орус драма театрында гримердик цехтин жетекчиси болуп иштеген.
Сүрөтчү-гример В. Белякова «Киргизфильм» студиясында 1956-жылдан бери иштейт. «Менин катам» (1957) И. Кобызев, «Муздак жүрөк легендасы» (1957) Э. Шенгелия жана Л. Сахаров, «Токтогул» (1959) В. Немоляев, «Жай» (1963) Л. Шепитько, «Джура» (1964) А. Бергунке, «Биринчи мугалим» (1965) А. Михалков-Кончаловский, «Ар биринин өз жолу» (1967) М. Ковалев, «Эне тил» (1967) Г. Базаров, «Отко таазим эт» (1972) Т. Океев, «Эски диңиз» (1972), «Таштагы жылмаюу» (1974) У. Ибрагимов, «Көздүн карасы» (1976) Г. Базаров, «Балерина Бейшеналиева» (1962), «Өнөр жөнүндө аңыз» (1974) документалдык тасмаларынын жаратуусуна катышкан. 1967-1969-жылдары узбек фильмдеринде «Мекен уулдары» Л. Файзиев, «Сүйүүчүлөр» Э. Ишмухамедов, «Чрезвычайный комиссар» А. Хамраев сыяктуу тасмаларда сүрөтчү-гример болуп иштеген.
1961-жылдан бери СССР СКнын мүчөсү.