Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Джадринов Марлест Сулейменович

Джадринов Марлест Сулейменович

Джадринов Марлест Сулейменович

Джадринов Марлест Сулейменович


Кинооператор. 1938-жылдын 21-февралында Фрунзе шаарында кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1956-жылы орто мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик физкультура институтуна кирген (1960-жылы аяктаган). 1960—1961-жылдары Пржевальск шаарындагы балдар спорт мектебинде машыктыруучу болуп иштеген. 1961-жылдын августунда «Киргизфильм» студиясына оператордун жардамчысы болуп өткөн, андан кийин Л. Шепитьконун «Зной» (1963) фильминде режиссердун жардамчысы болуп тартылган. 1964—1965-жылдары М. Убукеевдин «Ак тоолор» («Кыйын өтүү») жана Т. Океевдин «Балалыгыбыздын асмандары» фильмдеринде фотограф-устат болуп иштеген. 1965-жылдан 1972-жылга чейин ВГИКтин оператордук факультетинде сырттан окуган.

1968—1971-жылдары оператордун милдетин аткарып «Кыргыз ССР искусствосу», «Комузчулар», 18 сюжет жана «Советтик Кыргызстан» киножурналындагы атайын чыгарылыштар — «Студенттик жаз-69», «Ала-Тоонун жазында», «Бешик», «Оодарыш», «Л. И. Брежневдин Кыргызстандагы болушу» киноочерктерин тарткан. Андан ары документалдык кино тармагында оператор болуп ийгиликтүү ишин уланткан. Ал «Кыргызстандын ритмдери» (1971), «Жакындык» (1971), «Достуктун чокусунда» (1972), «Советтик Кыргызстан» киножурналында 10 атайын чыгарылыш, «Кызыл маржан» (1973), «Кыргызстан-74», «Айдын», «Эдельвейс», «Тынчсыздык», «Кыргызстан-75», «Биздин XVI», «Советтик адабият күндөрү Кыргызстанда» (бардыгы 1975-жылы), «Кыргызстан—БАМу», «Салам, жайлоо», «Тажикстандын Кыргызстандагы күндөрү», «Келечектеги Отан коргоочулары» (бардыгы 1976-жылы), «Кыргызстан — Нечерноземью», «Көчмөн экран», «Финляндия президентинин Кыргызстанга келиши», «Надежда» (бардыгы 1977-жылы), «Турмуш», «Чет элдик дипломаттар Кыргызстанда» (1978), «Эскертүү, жол», «Архитекторлор — айылга» (экөө 1979-жылы) фильмдерин даярдаган.

Оператордун бардык эмгектери анын туруктуу чыгармачылык өсүшүн, чоң оперативдүүлүгүн, жакшы профессионалдык даярдыгын көрсөтөт.

1975-жылдан бери СССР СКнын мүчөсү.
24-05-2018, 18:27
Вернуться назад