
Орозалиев Керим Керимкулович
Кинорежиссер. 1941-жылдын 25-майында Фрунзе шаарында кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1958-жылы орто мектепти аяктагандан кийин физикалык приборлор заводунда иштеген. 1959-жылы Фрунзе политехникалык институтунун энергетикалык факультетине тапшырган. 1961—1962-жылдары Совет Армиясынын катарында кызмат өтөгөн. Андан кийин Фрунзе политехникалык институтунда окуусун уланткан. Бирок жогорку билимди 1975-жылы КГУнун тарых факультетинде аяктаган.
1964-жылы «Киргизфильм» студиясына оператордун жардамчысы болуп кирген, бир жылдан кийин режиссердун жардамчысы болуп калган. 1967-жылдан баштап экинчи режиссер катары «Засада» (1969) Г. Базаров, «Сюда прилетают лебеди» (1973), «Водопад» (1973) Ю. Борецкий, «Улыбка на камне» (1974) У. Ибрагимов, «Красное яблоко» (1975) Т. Океев, «Поле Айсулу» (1976) У. Ибрагимов, «Улан» (1977) Т. Океев, «Процесс» (1978) Д. Соданбек, «Золотая осень» Т. Океев (1980) жана «Это не беда» (1968) А. Видугирис тарабынан тартылган толук метраждуу фильмдердин тартылышында активдүү эмгектенген.
К. Орозалиевдин чыгармачылык эсепте өз алдынча тартылган документалдык тасмалары да бар: «Хирург» (1970), «Рабочий» (1971), «Кочующие серпантины» (1972), «Киргизтелефильм» студиясында тартылган; «За ширмой» (1977) — «Киргизфильмде».
1975-жылдан бери СССР СКнын мүчөсү.