Кыргыз Республикасынын Баатыры Джумахматов Асанхан Джумахматович
Асанхан Джумахматов (1923—2008) — советтик кыргыз дирижёру, музыкалык педагог. СССРдин эл артисти (1976). Кыргыз Республикасынын Баатыры (2003). Асанхан Джумахматов 1923-жылдын 16-июнунда (баска булактарда — 16-июлда) «Арашан» курортунун жанындагы Иссык-Ата айылында (азыркы Ысык-Ата району, Чүй облусу, Кыргызстан) төрөлгөн.